• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

“Атың өчкүр кредит” аталышындагы ыр жарык көрдү

16 Бугу 2019 17:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.

Коңшу Казакстандын белгилүү “Азия & BAQAY” тобунун жаздырган жаңы ыры бүгүнкү күндө көпчүлүктүн көңүл жаратындагы кредитке арналган. Ырдын аталышы “Атың өчкүр кредит” («Атың өшкір кредит») деп аталат.

Аталган топтун “Опмай опмай” клиби ютуб каналында 38 миллиондон ашуун көрүүгө ээ болгон. Бирок, айрым угармандар топтун жаңы чыккан клибин сындоодо.

Аталган топтун жигиттери клипти да өзгөчө тартышкан. Ал эми видеодо кредит алган элдин абалын зомбиге салыштырышканын көрүүгө болот.
Учурда “Атың өчкүр кредит” клиби ютуб каналында 2 күндүн ичинде 300 миңден ашуун адам көргөн.


Количество просмотров: 21