Оппозициялык фракция Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Акылбек Сариевди сунуштап жатат. Бул тууралуу кечээ, 28-октябрда Жогорку Кеңеште маалымдалды.
Белгилей кетсек, БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова 16-октябрда мөөнөтүнөн мурда кетүү тууралуу арыз жазган. Анын ордуна башка мүчөнү шайлоо Жогорку Кеңеште кворум жок болгондугуна байланыштуу бүгүнкүгө калтырылган.
Акылбек Сариев 2002-2008-жылдары Борбордук шайоо комиссиясынын мүчөсү, ал эми 2010-2011-жылдары төрагасы болуп иштеген.