• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Атырга ууланган окуучулар: Министрлик окуя боюнча маалымат берди

30 Жалган куран 2023 10:42 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги Ош облусунун Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучуларынын атырдын жытына уулануусу боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Сабакта 43 окуучу болгон. Окуя катталган күнү, 29-мартта бардык окуучудар дарыгердердин көмөзөмөлүнөн өтүп, 18 окуучуну 24 саатка текшерүү үчүн ооруканага жаткырып туруу боюнча чечим чыгарылган. Калган окуучулардын ден соолугуна доо кетпегени үчүн үйлөрүнө коё берилген.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, текшерүүгө алынган 18 окуучунун абалы жакшы, учурда жергиликтүү дарыгерлер тарабынан бүгүн кайра үйлөрүнө чыгаруу боюнча консилиум өткөрүлүүдө.

Количество просмотров: 140