16-сентябрь күнү кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу орун алып, натыйжада кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов набыт болуп, 13 адам жаракат алган. Арасында жергиликтүү тургундар, жаш балдар бар. Алардын 10у Бишкекке жиберилген. Апта башында башталган Улуттук көчмөндөр оюндары башталып, Талас шаарында өлкөнүн 7 облусунан катышуучулар чогулушкан. 6 саат кечигүү менен башталган бул оюн коомчулуктун талкуусуна жем таштады. Аптанын дагы бир жаңылыгы болуп «КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын жетекчиси жана КСДПнын башка тарабынын лидери Сагынбек Абдрахмановдун партиянын документтери жана мөөрү табылбай жатат деген маалыматы болду. Кененирээк «Апта жыйынтыгында»…