• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Жарым жылда Ысык-Көлдөн 1,2 тонна таштанды чыгарылды

23 Теке 202613:35 Бишкек Govori.TV

2026-жылдын алты айында Ысык-Көлдөн 50 миң метрден ашык эски синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы Кылычбек Тентимишевдин айтымында, былтыр бир жыл ичинде көлдөн 47 миң 500 метр эски тор алынган болсо, быйыл бул көрсөткүч жарым жылдын ичинде жетишитилди.

«Ошондой эле министрлик тарабынан жыл башынан бери көлдөн 1 тонна 250 килограмм таштанды чыгарылган. Алардын арасында унаа дөңгөлөктөрү, амортизаторлор, спорттук шаймандар жана башка буюмдар болгон», — деди ал

Количество просмотров: 12