Бишкекте аутизм болгон балдарга жардам берүүчү реабилитациялык борбордо сабалган алты жаштагы бала боюнча милицияга арыз даярдалууда. Жактоочунун айтымында, арыз Биринчи Май райондук милициясына «жаш баланын бир нече жолу сабалышы» деген негиз менен берилет, окуя өзү соңку 10 күн аралыгында болгон.
Апасы алгачкы күндөрү жакшы жылыш болгонун, бирок кийин баласынын денесинен көгала тактар байкалгандыктан жетекчиликке кайрылганын айтып берген.
Реабилитациялык борбордун жетекчилиги балага кол көтөргөн тарбиячы жана окуяны көрүп, кийлигишпей койгон дагы бир кызматкери иштен бошотулганын билдирди.
Бала сабалып жатканы бөлмөдөгү көзөмөл камерасына түшүп калган тасма 21-майда Интернетке чыгып, коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.