Авариядан каза болгон Казакстандык 17 жашар жигиттин органдары туугандарынын уруксаты менен 4 бейтапка берилди. Күтүүсүз кырсыктан каза болгон жигиттин органдары узак убакыттан бери донор издеген бейтаптарга берилип, алардын өмүрүн сактап калды.
17 жашар жигиттин жүрөгү 1966-жылы туулган эркек адамга, боору 1966-жылы туулган аялга, бир бөйрөгү 1984-жылы туулган аялга жана экинчи бөйрөгү 16 жашар өспүрүмгө операция жолу менен салынганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.