Бишкек.24.05.2019.Govori.TV.
«Супер Инфо» басылмасынын башкы редактору Шаиста Шатманованын ордуна Автандил Добулбеков келди. Бул туурасында гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов билдирүүдө. Мындан сырткары Юстиция министрлигине кайра каттоо тууралуу арыз келип түшкөндүктөн «Супер Инфо» басылмасынын кожоюну алмашарын айтты.
Кылычбек Султандын айтымында, учурда гезиттин негиздөөчүлөрү болуп анын жубайы Мээрим Султан жана уулу эсептелет. «Юридикалык жактан гезитке менин тиешем жок. Бирок, көптөн бери өнөктөш табуу ниетим бар болчу. Акыркы убакта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын текшерүүлөрү, соттук териштирүүлөр болду. Мамлекеттик машина мен ТИМдеги сырды айткандан кийин мага каршы болуп калышты. Басым менин үй-бүлөмө да тийди. Жакындарымды кошо тарта бербей, гезитти башкага каттатууну чечтим», -деди ал.
Ал жаңы кожоюндун ысымын атаган жок. Болгону алыскы тууганым деп тим болду. Ошондой эле ал алдыда боло турган парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирди.