• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Автобуста жүргүнчү менен пенсионер чырдашты (видео)

23 Бугу 2022 11:38 Бишкек Govori.TV

Мурас-Ордо жаңы конушуна каттаган 41-автобуска Маевка айылынан түшкөн эки жүргүнчү пенсиондук китепчесин көрсөтүп, жол кирени төлөөдөн баш тартты. Бул тууралуу видеону агенттикке күбө жиберген.

Анын айтымында, айдоочу мамлекеттик маршруттук каттам эмес экенин айтып, пенсионерлерден 8 сомдон төлөөнү талап кылды.

Жыйынтыгында автобуста олтурган башка жүргүнчү сөзгө аралашып, эки жүргунчүнүн ортосунда кайым-айтышуу жаралды.

Ал эми мэриянын басма сөз кызматы пенсионерлер үчүн коомдук транспортто бекер журүүчү атайы жеңилдетилген төлөм картасы бар экенини белгилеп, эгер төлөм картасы жок учурда ар бир жүргүнчү сыңары эле жол кире акысын төлөй турганын билдирди.

Количество просмотров: 8725