• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Автобустар үчүн атайын тилкелер чийилип баштады

30 Бештин айы 202416:52 Бишкек Govori.TV

Бишкекте автобустар үчүн атайын тилкелер чийилип баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев «Кабар» агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул иштер калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен коомдук транспортко жол ачып берүү максатында жасалууда.

«Атайын тилкелер автоунаалар токтоп алып коомдук транспортко тоскоол болбошу үчүн жасалып жатат», — деп белгиледи Жамалбек Ырсалиев.

Белгилей кетсек, аталган тилкелер пилоттук негизде чийилүүдө.

Количество просмотров: 523