Жети-Өгүздө автоээнбаштык жасаган той кортежине 50 миң сом айып салынып, айып короого токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунда социалдык тармактарда тараган видео тасманын негизинде автоээнбаштык кылган айдоочулар кармалды. Тасмада Toyota Camry жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалардын жол эрежесин одоно бузуп, автоээнбаштык жасаганы тартылган.
«Башкармалыктын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаранын жыйынтыгында аталган унаалар табылып, айып короого токтотулду. Текшерүү маалында айдоочулардын бири мас абалында экени жана унаалардын биринде жасалма номер белгиси орнотулганы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча унаа атайын айып короосуна токтотулду.