Өлкөгө автоунааларды мыйзамсыз ташып кирүү жана жасалма документтерди колдонуу менен аларды каттоо боюнча эл аралык туруктуу кылмыштуу схема аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташуу боюнча 113 материал табылып Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Машинелерди мыйзамсыз ташып келүүдөн мамлекеттин бюджети 258 млн. 544 миң сом зыян тарткан.
«Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин ЕАЭБ аймагына транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташуу жана андан ары аларды легалдаштыруу боюнча эл аралык кылмыштуу схемасы уюштурулган. Эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү үчүнчү өлкөлөрдөн транспорттук каражаттарды сатып алып, алардын идентификациялык маалыматтарын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттин аймагында турган башка кылмыштуу топтун мүчөсүнө интернет аркылуу жөнөтүшкөн. Өз кезегинде алар ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин Транспорттук каражаттарды каттоо жөнүндө жасалма күбөлүгүн жана башка документтерди даярдашкан. Андан кийин документтер Кыргыз Республикасына жөнөтүлүп, жасалма документтердин негизинде (транспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына иш жүзүндө өткөрбөстөн жана аларга иш жүзүндө кароо жүргүзбөстөн) мамлекеттик каттоо органдын айрым кызмат адамдарынын катышуусу менен алгачкы каттоо жүргүзүлүп, мамлекеттик каттоо номери жана КР Каттоо жөнүндө күбөлүгү алынчу. Андан ары мамлекеттик номер жана Каттоо жөнүндө күбөлүк үчүнчү өлкөлөрдө турган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жөнөтүлүп, КР мамлекеттик номери жана каттоо күбөлүгү бар транспорттук каражаттар ЕАЭБдин товары катары ЕАЭБдин аймагына тоскоолдуксуз өткөрүлүп турган», — деп айтылат маалыматта.
Аныкталган фактылар боюнча материалдар Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилген.