• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аялдар маршын үзгүлтүккө учураткан 5 адам кармалды

9 Жалган куран 20209:26 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшүндө» чагымчыл иштерди уюштурууга аракет кылган 5 жарандын ким экендиги аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5 адамга карата Бузуулар жөнүндөгү кодекстин негизинде протокол түзүлгөн.

«Учурда башка катышуучулардын жүргөн жерин аныктоо жана түшүндүрүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат расмий билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ, 8-мартта аялдар маршынын жүрүшүндө кармалган катышуучулардын баары бошотулган. Жалпы 60 адам кармалган. Милиция кызматкерлерине баш ийбегени үчүн болжол менен 10 жаранга административдик протокол түзүлгөн.

Количество просмотров: 160