• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аялдардын тилектештигине арналган жүрүшкө Ошто да тыюу салынды

6 Жалган куран 2020 9:15 Бишкек Govori.TV

Ош мэриясы жана шаардык милиция 8-марттын урматына белгиленген тилектештик мыршын өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу «Новый Ритм» коомдук бирикмесинин төрайымы Гулиза Абдыжапарова «Азатыкка» кабарлады.

«Биз иш-чараны кеңсенин ичинде эле өткөрө турган болдук. Жылдагыдай көчөдө жөө жүрүш өтпөйт. Мэриядан жана шаардык милициядан тыюу салган билдирүү келди. Бирок анда Өкмөттүн токтому жөнүндө бир гана сүйлөм бар экен», — деди Абдыжапарова.

Жергиликтүү бийлик тынчтык маршына тыюу салынганын коронавирустун жайылуусун алдын алуу менен түшүндүргөн. 4-мартта республикалык штаб өлкө боюнча массалык иш-чараларга чектөө киргизген.

8-март күнү «Новый Ритмдин» кеңсесинде аялдардын эл аралык күнү тууралуу талкуу уюштурулуп, юридикалык жана психологиялык кеңештер берилет. Мындан тышкары үй-бүлөлүк зомбулук боюнча флэш-моб өтөт.

«Новый Ритм» коомдук уюму 2014-жылы негизделген. Уюм тең укуктуулукка, аялдардын укугунун сакталышына, гендердик теңдүүлүккө арналган иш-чараларды өткөрүп келет. Анын ичинде 2017-жылдан бери жыл сайын 8-март күнү өтчү жүрүш да бар.

5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Бишкектин борборунда үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин митинг жана тынчтык чогулуштарын өткөрүүгө тыюу салды.

Количество просмотров: 78