• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аялдарга ыдык көрсөтүүгө каршы митинг өттү

31 Үчтүн айы 2023 9:11 Бишкек Govori.TV

30-январда Казакстандын баш калаасы Астана шаарында аялдарга ыдык көрсөтүүгө жана зомбулукка каршы митинг өттү.

Цирктин алдына чогулган 50гө жакын жаран аялдардын укуктарын сактоо, ошондой эле ыдык көрсөтүү жана сексуалдык зомбулук үчүн жазаны күчөтүү талаптары жазылган кагаздарды көтөрүп турушту. Алар кыз-келиндерге ыдык көрсөткөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылып, зомбулук үчүн жаза катаалдатылышы керектигин айтышты.

Митингди дискриминацияга каршы Myqty.women кыймылы уюштурду. Буга чейин анын мүчөлөрү Астана акимчилигинен митинг өткөрүүгө уруксат алышкан.

«Азаттыктын» казак кызматы кабарлагандай, чогулгандарды полиция кызматкерлери, акимчиликте иштегендер жана «Тез жардам» кызматы көзөмөлдөп турушту.

Казакстанда 2009-жылы кабыл алынган үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө мыйзам бир канча жолу өзгөртүлгөн.

2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинен «Сабоо» жана «Атайылап ден соолукка жеңил залал келтирүү» беренелери Административдик кодекске көчүрүлгөн.

2022-жылы жумушчу топ үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Түзөтүүлөр азырынча кабыл алына элек.

Количество просмотров: 99