• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Аялды жылаӊач сүрөткө тартып, 50 миң сом талап кылган жаран кармалды

4 Жалган куран 2021 12:20 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 3-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган Ош шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү тааныш аялды опузалап коркутуп, андан 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Учурда кылмышкерге карата КРнын Жазык кодексинин 203-беренеси боюнча (опузалап талап кылуу) сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат.

“Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, кармалган жигит 2020-жылдын октябрь айынын аягында өзүнүн таанышы, 1995-жылы туулган аял менен өз ара араздашып кеткен соӊ «акыркы жолу бир жолугуп алалы» деп аны алдоо жолу менен чакырып, бычак такап коркутуп Ош шаарындагы мейманкалардын бирине алып келип, жылаӊач чечиндирип, өзүнүн мобилдик телефонуна тартып алган. Андан соӊ «эми мага жакын арада 50 миӊ сом акча таап бересиӊ, болбосо, бул сүрөттү ата-энеӊе, жакындарыӊа жөнөтүп, интернетке коемун» деп акча талап кыла баштаган. Айласы куруган келин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган”,-деп айтылат милициянын маалыматында.

Эскерте кетсек, шектүүнүн баш коргоо чарасы 5-мартта Ош шаардык сотунда каралат.

Количество просмотров: 1934