• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аялы да, күйөөсү да Парижде алтын утушту

7 Аяк оона 202416:57 Бишкек Govori.TV

Ушу тапта Парижде паралимпиада оюндары өтүп жатат.

Андагы кызыктуу фактылардан келтиребиз. Кечээ америкалык жеңил атлет Хантер Вудхолл алтын медаль утуп алды. Ал 400 м дистанцияда Т62 категориясында чуркап, финалда жеңишке жетти. Хантердин эки буту тең оорудан шал болуп калган, бирок буттарында протези бар.

Ал Париж олимпиадасында узундукка секирүүдөн алтын медаль утуп алган Тара Дэвис-Вудхоллдун күйөөсү. Хантер мелдешке чыкканда аялы трибунадан ага күйөрмандык кылып турду.

Хантер 46,36 аралыкты өтүп, биринчи жолу паралимпиадалык чемпион болуп калды.

Париж олимпиадасында аялы да алтын медаль уткан, андан кийин паралимпиадада күйөөсү да алтын медаль уткан сейрек учур болгону үчүн бул окуя кызыгууну пайда кылды.

Количество просмотров: 188