Кыргызстандык Айтунук Жоомарт кызы 2-сентябрда аялдар арасында триатлондон жарышка түшкөн. Ал паратриатлондон көзү азиз спортчулар арасында PTVI категориясында мелдешке катышкан.
Паратриатлондо спортчулар 150 метрге сууда сүзүп, 20 чакырым велосипед менен жүрүшөт. Андан соң дагы 5 чакырым жөө чуркашат. Айтунук Жоомарт кызы жандоочусу Ангелина Блиндул менен 1 саат 25 мүнөт 36 секундада марага 11-болуп келген.
Белгилей кетсек, бул оюндар боюнча алдыңкы үч орунду испаниялык, италиялык жана германиялык атлеттер ээледи.
Айтунук Жоомарт кызы буга чейин паратриатлондон Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө кубогунун күмүш медалынын ээси болгон. Паратриатлон, парадуатлон жана парасууда сүзүү боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону катары белгилүү.
28-августта башталган жайкы Паралимпиада оюндары Парижде өтүүдө. Ага майыптуулугу бар 4400дөн ашуун спортчу катышып жатат.
Кыргызстандан бул оюндарга алгачкы жолу төрт спортчу катышууда. Эми 6-сентябрда дзюдодон Маматибраим Суранов мелдешке катышат. Ал эми Миргүл Болоталиева пауэрлифтингден 8-сентябрда күч сынашат.