• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Аялын өлтүрүүгө шектелген экс-министр маркумдун жакындарынан кечирим сурады

2 Чын куран 2024 9:12 Бишкек Govori.TV

1-апрелде Куандык Бишимбаевдин соту уланды. Экс-министр жубайы Салтанат Нукенованын өлтүрүүгө шектелүүдө.

Сотто Бишимбаев маркумдун жакындарынан кечирим сурады.

«Башында анын өлүмүн кабыл алуу мен үчүн абдан кыйын болду. Мен кечирим сурагым келет. Кечиришет деп үмүттөнбөйм, бирок бул менин милдетим. Бул орду толгус жоготуу экенин түшүнөм жана бул жагдайларга менин тиешесим бар», — бар деди Бишимбаев.

Салтанат Нукенованын апасы ага кайрылып: «Мен баламдын жүзүн көргөн жокмун, кызымды сегиз саат бою өлтүргөнсүң», — деп сөзүн бөлдү.

Сот жабырлануучу тарапка эскертүү жасап, айыпталуучуга сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү сурады.

Бишимбаев аялын атайылап өлтүрбөгөнүн, мындай акылсыз ишке баруу оюнда болбогонун билдирди. Куандык Бишимбаев камакка алынгандан бери ага карата терс пикирлер калыптанды деп эсепейт.

«Көзү агып, баш сөөгү сынып, соо жери калган эмес деп окуп жатасыздар. Мунун баары чындыкка дал келбейт. Айыптоо корутундусунда андай эч нерсе жок. Мен өзүмдү коргоого аргасыз болуп жатам», — деди Бишимбаев.

Куандык Бишимбаевдин соту 11-мартта башталган. Прокурор белгилегендей, мурдагы министр былтыр ноябрда аялын бир нече саат тынымсыз сабаган. 31 жаштагы Салтанат Нукенова алган жарааттарынан эсине келбей көз жумган.

Бишимбаев менен кошо окуя болгон Астанадагы Гастроборбордун директору да камалган. Ал дагы кылмышты жашырууга көмөктөшкөн деп шек саналууда.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылып, 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулган.

Количество просмотров: 131