Токмок шаарында өз аялын уруп-сабап зомбулук көрсөтүп келген эркек кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Социалдык тармактарда укук коргоочу Азиза Абдирасулованын өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине кайрылуусу жарыяланган. Анда мурдагы аскер кызматкери өзүнүн аялын сабап келгендиги айтылат. Мындай маалымат 21-сентябрда Токмоктун Тоголок Молдо көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде эркек аялды сабагандыгы боюнча арыз милициянын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.
Бул факт тиешелүү жерге катталып, текшерилген. Текшерүүдө 1996-жылы туулган жаран аны 1994-жылы туулган күйөөсү дайыма сабап келгенин айткан. Ал улуттук госпиталга кайрылып тиешелүү экспертизадан өткөн, баш мээси чайкалганы анык болуп, башка да жарааттары аныкталган. Бул боюнча бардык соттук, медициналык экспертиза дайындалган.
28-сентябрда бул боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 107-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга алынып келинди. Тергөө иштери уланууда.