• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аялын зордуктаган кишинин жыныс мүчөсүн кесип өлтүргөн. Окуянын-чоо жайы

11 Бирдин айы 2019 14:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.02.2019.Govori.TV.

Ысык-Көл райондук соту мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысы боюнча айыпталып жаткан жергиликтүү тургундун ишин карап, аны 14 жылга эркиндигинен ажыратты.

Айыпталуучу — Жети-Өгүз районунун Дархан айылында туулган А.Адилет (А.А. аты өзгөртүлдү) улуту кыргыз, билими орто, эч жерде иштебейт, мурда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2001-жылдагы өкүмү менен КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 1500 сом айыпка жыгылган.

Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2017-жылкы өкүмү менен КРнын КЖКнин 246-беренсинин 3-бөлүмү, 249-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 59-берененин негизинде 4 жылга эркиндигинен ажыратылган, жаза өтөө мөөнөтү бүтө элек. Ал 2018-жылдын 18-августунан бери камакта. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнү 6-пункту менен айып тагылган.

Соттук документте көрсөтүлгөн маалыматка караганда, А.Адилет 2018-жылдын 16-августунда саат 23:30 чамасында Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан мал сарайга мас абалында барып, ошол жерде мал багып иштеген Т.Бакытты (Т.Б. аты өзгөртүлдү) «сен менин аялымды эмне зордуктадың?» деп, союл менен согуп, бычак менен бир нече жолу сайып, жыныстык мүчөсүн кесип өлтүргөн.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда, Т.Бакыт травматикалык шоктон, көптөгөн кабыргалары сынып, ички органдары канап, кан толгондон каза болгондугу, мокок, катуу жана сайылып кесилүүчү нерселер менен жаракат алынгандыгы аныкталган. Ал эми өлгөндөн кийин анын оң жаагы менен оң көзү ит же башка жырткыч жаныбардан жабыркаганы аныкталган.

Соттук-психиатриялык экспертизанын корутундусуна ылайык, А.Адилет кылмыш жасаган учурда акыл ээси соо, өзүнүн кыймыл аракетине жооп бере алгандыгы аныкталган. Сот жыйынында соттолуучу А.Адилет коюлган айыпты жарым-жартылай мойнуна алган.

Анын берген көрсөтмөсүнө караганда, ал ошол күнү жумуштан эрте келип, үйүнө жакындап калганда аялынын кыйкырып жатканын угуп, короого жүгүрүп кирсе, чөптүн арасында аялын Т.Бакыт зордуктап жатканын көрүп, жини менен аны сабап жиберген. Ошондо Т.Бакыт Чолпон-Ата шаарын көздөй, «азыр балдарды алып келип, көргөзөм» деп качып кеткен. Келинчеги экөө кечинде уктап жатканда, Т.Бакыт кайра келип, аны сөгүп баштаган, ошондо ал таяк менен Т.Бакытты башка согуп, сабап, кийимин чечтирип, жылыңач калтырып, кийимдерин өрттөп салып, өзү үйүнө кирип кеткен. Ал Т.Бакытты бычак менен сайган эместигин айтан. Эртеси дааратканга баратканда Т.Бакыт чөптүн арасында өлүп калгандыгын көргөн, анын беттери шишип, күчүк анын бетин жеп жатканын жана жыныстык мүчөсүн да жеп салганын айткан. Андан кийин ал телефон чалып, болгон окуяны айтып берген жана кылган ишине чын дилинен өкүнүп кечирим сураган.

Соттолуучу А.Адилеттин жасаган кылмышы жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү жана күбөлөрдүн көргөзмөлөрү менен далилденген.

Сот салында жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Б.Ж. каза болгон Т.Бакыт анын эжесинин баласы экендигин айтып, соттолуучуну өмүр бою эркинен ажыратуу суранган.

Сот айыпталуучу А.Адилет өз күнөөсүн мойнуна жарым-жартылай алгандыгынан тышкары, кылмыш иши окуя болгон жерди кароо протоколу, соттук–психиатриялык, соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалардын корутундулары менен далилденет деп эсептейт.

Сот соттолуучу А.Адилетке карата жаза чектөөдө анын мурда бир нече жолу соттолуп, андан жыйынтык чыгарбастан кайра өзгөчө оор кылмыш жасаганын, коюлган айып боюнча күнөөсүн мойнуна жарым-жартылай алгандыгын эске алып, аны КЖКнин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн. 6-пункту менен күнөөлүү деп таап, аны 14 жылга эркиндигинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо менен жазасын катуу тартиптеги түзөтүү абагында өтөө боюнча өкүм чыгарат.

Айыпталуучу КРнын КЖКнын 60-беренесинин негизинде белгиленген жазасына мурдагы Сокулук райондук сотунун өкүмү боюнча өтөлбөй калган жазасын жарым-жартылай кошулуп, биротоло 14 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 30