• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аялына бычак сайган 42 жаштагы шектүү эки айга камалды

2 Аяк оона 202411:29 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарында аялын бычак менен сайып жиберген деп кармалган 42 жаштагы шектүү Нарын шаардык сотунун 1-сентябрдагы чечими менен убактылуу кармоочу жайга эки айга камалды.

Милициянын маалыматы боюнча, шектүү 31-августта Нарын шаарындагы Он-Арча базарындагы ашканада ашпозчу болуп иштеген 41 жаштагы жубайын ашкананын ичинен өзү көтөрүп жүргөн маки менен сайып жиберген. Укук коргоо кызматкерлери аны ошол эле күнү кармаган.

Жабырлануучу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Количество просмотров: 312