• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Аялынын ойношу бар экенин уккан эркек өзүн жана балдарын өлтүргөн

28 Бештин айы 2020 14:01 Бишкек Govori.TV

Уфа шаарынын 37 жаштагы тургуну Фазил Халиков жубайы менен урушуп, алты жашар уулун жана бир жашар кызын өлтүрүп, өз жанын кыйган. Трагедия болгонго чейин ал аудио билдирүү калтырган. Бул тууралуу «Tengrinews.kz» «Комсомольская правдага» шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, каргаша ишемби күнү Башкортостанда болгон. Анда жубайым көзүмө чөп салды деген эркек балдарын алып белгисиз тарапка кетип калган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин Халиков аялына байланышып, кызы буга чейин өлүп калганын жана уулу жакын арада өлөөрүн айткан. Ал дагы ушундай эле билдирүүнү агасына жөнөткөн.

«Байке, саламатсызбы. Менин аялым мени алдады, бүгүн күнөөсүн мойнуна алды. Ал башка бирөөнү сүйүп, корпоративдик кечеде аны менен бирге болгонун айтты. Мен балдарды өзүм менен кошо ала кетем» ,-деген Халиков кийин байланышка чыккан эмес.

Издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери унаанын ичинен үч адамдын жансыз денесин табышкан. Анда Халиков унаасынын эшигин жаап, балдары менен көмүр кычкыл газына ууланып каза болгон.

Кийинчерээк аял өзү полиция кызматкерлерине корпоративдик кечеде күйөөсүнүн көзүнө чөп салганын айткан. Буга байланыштуу жубайлардын ортосунда жаңжал чыккан. Жубайы жуунуп жатканда ал балдарын алып кетип калган.

Количество просмотров: 23976