• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров Башкортостандын биринчи президенти каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

13 Үчтүн айы 2023 9:18 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Башкортостан Республикасынын башчысы Радий Хабировго көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Башкортостан Республикасынын биринчи президенти Муртаза Рахимовдун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

«Мен Муртаза Губайдуллович Рахимовдун дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө суук кабарды терен кайгыруу менен кабыл алдым. Муртаза Рахимов Россия Федерациясынын региондорунун абройлуу башчыларынын бири болуу менен Башкортостан Республикасынын өнүгүшүнө жана гүлдөп өсүшүнө эбегейсиз салым кошкон. Орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөм жана Муртаза Губайдулловичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтууңузду өтүнөм», — деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Количество просмотров: 94