• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Аялынын жанында жаткан абышканы өлтүрүп салган жаран 14 жылга кесилди

16 Бештин айы 2019 11:41 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу райондук соту Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) 2-бөлүмүнүн 3-9-пункттары (өзгөчө мыкаачылык менен; күнөөлүү билип туруп алсыз абалдагы же билип туруп жашы жетелекке карата) менен айыпталган Мараттын (аты өзгөртүлдү, М.К.А.) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды.

Айыпталуучу 1987-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Орто билимдүү, үй-бүлөлүү, бир баланын атасы. Мурун Ош шаардык сотунун 2017-жылдын 14-ноябрындагы токтому менен Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунда, 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда (эски ред.) көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо айыптаган жазык иши кыскартылган.

Тергөө кызматынын маалыматына караганда, айыпталуучу Марат 2019-жылдын 19-августунда болжол менен саат 15:00 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына караштуу айылдардын биринде жайгашкан турак үйүнө (убактылуу жашаган батири) барган. Ошол маалда аялы — 1978-жылы туулган Уулкандын (аты өзгөртүлдү, Ю.У.Ж.) уктоочу бөлмөсүндөгү электр зымдарын оңдоо үчүн барган Талант (аты өзгөртүлдү, Т.А.) — Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын 1947-жылы туулган тургунун көрүп, «сен менин үйүмдө эмне кылып жүрөсүң?» деп ур-токмокко алган. Андан соң сыртка сүйрөп чыгып, бетке, башка жана денесинин ар кайсы жерине бир нече жолу тепкен. Анын кесепетинен Таланттын кабыргалары сынып, париеталдык чел кабыгы жабыркатып, өпкөнүн ткандары айрылып, көкүрөк көөдөнүнүн оң тарабына 400 мл кан куюлуп каза болгон.

Сот отурумунда айыпталуучу ага угузулган айыпты мойнуна алган жок. Анын айтымында, 2019-жылдын 19-августунда эртең менен саат 07:30-08:00 чамасында ишке кеткен. Өзүн жаман сезгендиктен жумуштан суранып, кайра үйүнө келген. Ошол маалда аялынын жанында бир адамдын жаткандыгын көргөн. Ал адам «карындашым болот, адашып калдым» деп айтканда Марат ачууланып, шапалак менен аны бир жолу чапкан. Андан кийин тааныш милиция кызматкерлерине телефон чалып, «аялымды бирөө зордуктап жатыптыр» деп чакырган. Айыптылуучу белгилегендей, Талант буга чейин да 2-3 жолу баштык көтөрүп алып, «Азат деген тууганым бар эле» деп келген.

Марат андан ары сөзүн улап, окуя болгон күнү аялы мас абалда болгондугун, Айжан деген кыз алар менен чогуу батирде жашагандыгын, тергөө учурунда берген өзүнүн көрсөтмөсүндө маркумду тээп, аны Айжан көрдү деп айтканы жалган экенин, Талантты катуу урбаганын көрсөттү.

Айыпталуучу соттогу жарыш сөздө өзүнө психиатриялык экспертиза дайындоону, ал эми акыркы сөзүндө Талантты атайылап өлтүрбөгөндүгүн айтты.

Сот отурумунда жабырлануучу Р.А. айыпталуучу менен тааныш болбогондугун, маркум Таланттын аялы болорун, 2019-жылы 19-август күнү күйөөсү жумушуна кеткендигин, кечки саат 18:00 чамасында ушул суук кабарды уккандыгын, маркум тойлордо гана 50-100 грамм спирт ичимдигин ичип койгондугун, башка күнү ичпегендигин көрсөтүп, Маратты өмүр бою эркиндигинен ажыратууну сурады.

Сот отурумунда күбө У.Ю. айыпталуучу жолдошу болорун көрсөтүп, окуя болгон күнү күйөөсү Марат «сени менен жашабайм» деп чыгып кеткенин, андан кийин ызааланып арак ичкенин, айыпталуучу акча тапкан учурда дайыма ажырашам деп айтып келгенин, окуяга чейин маркум Талантка электр зымдарын оңдоп берүүсүн айтканын билдирди. Андан ары сөзүн улап, маркум келгенде ага мас абалда экендигин, башка күнү оңдоп бер деп айткандыгын, Талант андан кайсы жерди оңдош керектигин сурагандыгын, оңдоло турган жерди көрсөтүп бергендигин, мас абалда болгондуктан андан ары эмне болгондугун, маркум зордуктабагандыгын, зордуктаса сезмектигин, окуя болгон күндүн эртеси Айжан айыпталуучу үйгө келген адамды өлтүрүп койгондугун айткандыгын билдирди.

Жыйынтыгында Марат күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Токтом 2019-жылдын 26-ноябрь күнү чыкты.

Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 5988