• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аянтта ок чыгарган адам изделүүдө

10 Тогуздун айы 202010:13 Бишкек Govori.TV

9-октябрь күнү Ала-Тоо аянтында ок чыгарган адамга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ок атуу фактысы боюнча Кылмыш кодексинин 264-беренеси (“Массалык башаламандык”) боюнча иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Милиция ок аткан адамды тааныгандардан милицияга кабарлап коюуну суранат.

Эске салсак, 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги Садыр Жапаровдун тарапкерлери тарабынан үзгүлтүккө учураганы айтылган. Садыр Жапаровдун тарапкерлери буга тиешеси жок экенин билдиришүүдө. Митинг учурунда курал колдонулуп, ок атылды. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белгисиз адамдар машинелердин бирин атып жатканын көрүүгө болот.

Количество просмотров: 356