• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аянттагы эл Жапаровду күтүп жатат

11 Үчтүн айы 2021 16:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында президенттик шайлоодо атаандаштарынан алдыга чыккан Садыр Жапаровдун жеңишинин урматына концерттик иш-чара өтүп жатат.

Анда куудул Назира Жетигенова, ырчы Элдос Алмаз жана актёр Өмүрбек Исраиловдор алып баруучулук милдетти аткарып жатышат.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев, эстрада ырчысы Нэна, белгилүү «Айкөл» тобу жана башка маният өкүлдөрү ырларынан аткарып, элге жакшы маанай тартуулап жатат.

Алдыда Садыр Жапаровдун сөз сүйлөй тургандыгы кабарланып, калаа тургундары күтүүдө.

Количество просмотров: 42