• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Айбек Калиев алдап койдубу? Айлыгы 39 миң сомдон ашык экен

1 Бирдин айы 2018 16:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.02.2018.Govori.TV

Премьер-министр Сапар Исаков арызын кабыл албай койгон Улуттук энергохолдинг ишканасынын жетекчиси Айбек Калиевдин айлыгы 39 миң сом. Бул тууралуу ал 31-январда ТЭЦтеги абал боюнча Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирди.

Мындан улам Kaktus. media сайты премьер Исаков парламентте төшүн тосуп коргогон чиновниктин айлыгы менен декларациясын слыштырып көргөн.

Айбек Калиев өкмөттөгү эң жаш жетекчилердин бири. Ал болгону 34 жашта. 2005-жылы Исхак Раззаков атындагы техникалык университетти инженер-электрик адистиги боюнча аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 2-даражадагы кеңешчиси деген чини бар.

Биографиясындагы эң кызыктуу жери 2009-жылдын ноябрь айынан баштап 2010-жылкы революцияга чейин Максим Бакиевдин агенттигинде эксперт болуп эмгектенген.

Айбек Калиевдин декларациясы менен Кактус медиа сайтынан бул шилтеме аркылуу тааныша аласыз.

Количество просмотров: 3