Айбек Калиевдин ордуна Эрали Козубаев төраганын милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Айбек Калиевдин ордуна Эрали Козубаев төраганын милдетин аткаруучу болуп дайындалды
10 апреля 2018 в 19:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.04.2018.Govori.TV.
Кызматынан алынган Айбек Калиевдин ордуна Эрали Козубаев төраганын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматы 10-апрелде кабарлады.
Мурда Эрали Козубаев жетекчинин орун басары болгон. Америкада жана Туркияда билим алганы тууралуу маалымат берилди. Кесиби боюнча куруучу.
Айбек Калиев өзү иштен кетүү тууралуу жазган арызынын жана «Улуттук энергохолдингдин» уставына ылайык чыгарган чечимдин негизинде кызматынан алынды, деп айтылат маалыматта.
Калиев бул кызматка 2016-жылдын январында келген. Премьер-министр Сапар Исаков «Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААКтын башчысы Айбек Калиевди кызматтан алууну 2018 -жылдын 10 апрелинде тапшырды.
«Айбек Калиев Улуттук энергохолдингди башкарып турганда жылытуу мезгилине даярдык көрүүгө жооптуу болгону үчүн иштен алууну чечтим. Мен ведомстволор аралык комиссиянын изилдөөсүнүн жыйынтыгын күттүм. Процесс учурунда Улуттук энергохолдинг ТЭЦти модернизациялоо боюнча негизги темаларды депутаттарга жана коомчулукка жеткиликтүү түшүндүрүп бере алган жок», — деди Исаков.
Эске сала кетсек, январь айынын аягында Бишкек ТЭЦинде авария болуп, борбордогу 3000ден ашуун үй-бүлөө үч сутка жылуулуксуз калган.
Айбек Калиев ошондо кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган, бирок, премьер-министр арызга кол койгон эмес.