• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Айбек Карымов байгеге 3 унаа коюп, чыгармачылыгындагы 25 жылдыгын белгиледи

11 Теке 201816:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.07.2018. Govori.TV
Ырчы Айбек Карымов Токтогул районунун Сары-Камыш айылына байгесине 3 унаа коюлган салтанат өткөрдү. Бул тууралуу ырчынын кесиптештери  соцтармака жайгаштырышты.
Ырчынын чыгармачылыктагы 25 жылдыгына карата 2 күн өткөн салтанатта 4 жылкы союлуп, ат оюндары уюштурулду. Ат чабышта биринчи болуп келген токтогулдук чабандес менен кунан чабышта марага биринчи болуп келген Ысык-Көлдүк чабандеске «Жигули» үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды. Көк бөрү боюнча мелдешке «Нива» үлгүсүндөгү унаа коюлду. Мындан сырткары эр эңиш, балбан күрөш уюштурулуп, эр-азаматтар күч сынашты.

Фото Айбека Карымов. Бейне-Өнөра.

Белгилей кетсек, Айбек Карымов 1969-жылы Токтогул районунун Сары-Камыш айылында төрөлгөн.

https://www.instagram.com/p/BlBGkd7hxXX/?hl=ru&taken-by=gulnursatylganova

Количество просмотров: 97