• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Айдоочулардын сынагы ачык болот. Кааласаң, сен да көрө аласың!

18 Үчтүн айы 20189:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18. 01. 2018. Govori.Tv

Кыргызстанда айдоочулук укукту алуучулардын сынак тапшыруусу мындан ары онлайн-режимде, коомчулук үчүн ачык болот. Бул тууралуу мамкаттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов Govori.Tv агенттигине билдирди.

“Акыркы учурлардагы авто-унаалар катышкан кырсыктардын көп болушу, коомчулуктун талабы боюнча Мамлекеттик катоо кызматы айдоочулук укукту алуучулардын сынак тапшыруусун онлайн-тартипке өткөрүп, эрежелерди күчөттү.  Мындан ары айдоочулук мектептердин бүтүрүүчүлөрү негизги сынакты онлайн-режимде тапшырат. Мында 20 суроого жооп берүү үчүн 25 мүнөт уруксат берилет. 18 туура жооп керек.  Албетте, айдоочу болуш үчүн мурдагыдай эч ким эч кимди эркелетпейт. Мисалы, эки күн мурун Бишкектен 49 курсант сынакка кирип, 47си кулап калды, алар кайрадан окуп келип, сынактан өтүшү керек”,-дейт Мелис Эржигитов.

Ал белгилеп кеткендей, айдоочулук укукту алууну каалагандардын сынак тапшырууларын  мындан ары каалаган жаран https://grs.gov.kg/kg/subord/drtsvs/webcams/  электрондук дареги аркылуу көрө алышат. Бул дарек аркылуу Кыргызстандын баардык аймактарындагы сынактарды көрүү мүмкүнчүлүгү бар.

Эске салат кетсек, буга чейин айдоочулук укукту алуу  үчүн сынактарда коррупциялык көрүнүштөр кездешчү. Айдоочулукту үйрөткөн мектептер менен экзаменаторлордун ортосундагы «бармак-басты, көз-кысты» иштер арбын эле…

Количество просмотров: 24