• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Абылгазиев Казахстанга телефон чалды. Айыл чарба продукцияларын казакстандык рынокко чыгарууга чектөөгө байланыштуу маселелерди көтөрдү

23 Бирдин айы 2019 19:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.02.2019.Govori.TV.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчылар кыргыз айыл чарба продукцияларын казакстандык рынокко чыгарууга чектөөгө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушту. Бул маселени өз ара пайдалуу шарттарда тез арада чечүү жолдору талкууланды.

Аталган маселени чечүү максатында Премьер-министрлер Астана шаарында өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү тууралуу макулдашышты, ага Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын делегациясы жөнөйт. 

Количество просмотров: 3