• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Аю” спорттук эс алуу комплекси мамлекетке кайтарылды

1 Тогуздун айы 202410:38 Бишкек Govori.TV


УКМК буга чейин «Аю» холдингинин түзүмдүк бөлүмүнүн балансында турган «Аю» спорттук эс алуу комплексин мамлекеттин менчигине кайтарды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Комплекстин жалпы жер аянты 2223,45 чарчы метр, базар баасы боюнча наркы 267 млн. 639 миң сом турат.

Комплекстин ордунда мурда бассейн болгон, ал 2010-жылы ден соолукту чыңдоо борборуна айланган.

«Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында «Аю» холдингинин негиздөөчүлөрү объектти өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп беришти», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 79