• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Оштун губернатору акыры кызматтан кетти. «Аю» мамлекетке өттү

14 Чын куран 2023 18:39 Бишкек Govori.TV

ОШТУН БАШЧЫСЫ АЛМАШТЫ

Өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Ош облусунун бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Буга байланыштуу бир катар жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилди.

Мамлекет башчысынын чечими менен, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жамалдинов Зиядин Исламович ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов жана Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Ногоев кызматтан кетти.

Президент Садыр Жапаровдун дагы бир Жарлыгы менен Элчибек  Джантаев Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Кошумчалай кетсек, буга чейин соцтармакта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов акча аып жатканы айтылган видео тараган, анда Кара-Суунун акими да тартылган.  Бул тууралуу Данияр Жаныбеков өзү үн катып, видео бир жыл мурун тартылганын билдирип, бул жерде коррупциянын элементи жок деп айткан.

Ал эми акыркы учурда Оштун губернатору Зиядин Жамалдиновдун дарегине ЖК депутаттары тарабынан бир катар сындар айтылып жаткан.

 “АЮНУН” АРАК ЗАВОДУ МАМЛЕКЕТКЕ ӨТӨТ

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бул тууралуу «Кабар» агенттигине курган маегинде коррупцияга каршы күрөш боюнча суроолорго жооп берип жатып билдирди. Ал «Аю» заводу «кустуруу» өнөктүгүнүн курмандыгы болду деген пикирлерди комментарийлеп, ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айтты.
“Аю” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. «Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек» деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат», — деди Садыр Жапаров.

Кыргызстанда акыркы жылдары алкоголдук ичимдик өндүрүү көмүскөгө кеткени айтылып келет. Президент Садыр Жапаров да Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрында өткөн жыйынында алкоголдук ичимдиктер рыногундагы өндүрүштүн төрт эсеге кыскарганына көңүл бурган. Өлкө башчы бул эл аз ичип калганды билдирбесин, алкоголдук тармактын көмүскөгө кетип жатканын күбөлөндүрүп турганын айткан.

2020-жылы акциздик салыкты төлөөдөн четтөөдөн бюджеттин эсептик жоготуулары дээрлик 2,5 миллиард сомду түзгөн.
 «АЮ Холдинг» мындан 20 жыл мурда негизделген. Холдингдин курамына 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар кирет. Анын кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы президенти.

КАРАСАРТОВАНЫН БӨГӨТ ЧАРАСЫ КАРАЛГАН ЖОК

Бүгүн, 14-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасы каралмак. Бирок отурум өткөн жок.

Жактоочу Нурсултан Жаныбеков Кемпир-Абад ишине байланыштуу калган процесстер 17-апрелге белгиленгенин кабарлады.

Буга чейин Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын, мурдагы депутат Асия Сасыкбаеванын, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун, «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү Улукбек Маматаевдин, активист Чыңгыз Капаровдун, активист Таалайбек Мадеминовдун бөгөт чарасы каралып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгышкан.

Эске салсак, өткөн жылдын 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, 20дан ашуун саясатчы жапырт кармалган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

БАҢГИЗАТ “ЖАШЫРЫП” ЖАТКАНДАР КАРМАЛДЫ

Бишкекте туруктуу эл аралык баңги топторунун биринин кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулуп, топтун мүчөлөрү кармалып, мефедрон синтетикалык баңгизаты алынды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, 27-мартта И.Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчага баңгизаттарын “жашырууга” аракет кылып жаткан жеринен Бишкек шаарынын алдыңкы мектептеринин биринин 11-9-классынын окуучулары, 18 жана 16 жаштагы балдар кармалган.

Кармалгандардын баштыктарын тинтүү учурунда жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык “Альфа PVP” баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак табылып алынган. Бул 1 грамм заттын базар баасы 10 миң сомду түзөт, бир таңгагы интернет мессенджерлер аркылуу 5 миң сомдон сатылууда.

Аталган фактынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту “Өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча кылмыш иши козголгон.

Аталган топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 4-апрелде Ж.Пудовкин жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кезектеги ири партияны алып жаткан жеринен 19 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды.

Жогорудагы кармалгандар УКМК тергөө абагына киргизилди.

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНА ЖАҢЫ ТАРИФ

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Аталган документке ылайык, электр энергиясын 700 кВт.с жогору пайдаланган учурда тариф мурдагы деңгээлде сакталат – 2 сом 16 тыйын.

Муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн тариф мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт.с үчүн 50 тыйынды түзөт. Электр энергиясын лимитсиз жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланууну каалаган калк үчүн тариф 5,04 сом/кВт.с ордуна 3,28 сом/кВт.с чейин төмөндөтүлдү.

Тарифтерди жогорулатууга байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана керектөөнүн көлөмү динамикалуу өсүп жаткан шарттарда калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдуу үчүн зарыл болуп жатат.

Кошумчалангандай, тарифтик саясатка киргизилип жаткан өзгөрүүлөр Советтер Союзунан бери алмаштырыла элек энергетикалык жабдууларды жаңылоого мүмкүндүк берет. Иштеп жаткан жылуулук жана гидроэлектростанцияларды реконструкциялоого жана модернизациялоого карабастан, учурда энергетика жабдууларынын 80%дан көбү эскирген абалда калууда.

АЙРЫМ АЙМАКТАРДА СУУК ТҮШӨТ

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак, 15-апрелде жана 16-17-апрель күндөрү өлкө аймагында абанын температурасы кескин өзгөрүп, суук түшөт. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

15-апрелде күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, 16-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаайт.

17-18-апрелде абанын температурасы төмөндөп айрым аймактарда абанын температурасы минус көрсөткүчүнө чейин түшөт.

Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Бактардын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга зыянын тийгизиши мүмкүн.

Количество просмотров: 162