• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Аюу кол салган. Чоң-Алайда чек арачы каза болду

20 Теке 2022 13:14 Бишкек Govori.TV

Чоң-Алай районунда чек арачыга кол салып, аскер алган жараатынан улам каза болуп калды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Окуя 19-июль күнү Түштүк-Бокбашы деп аталган жерде болгон.

“Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Түштүк-Бокбашы жерлигинде мамлекеттик чек араны кайтарып кызмат өтөп жаткан учурунда 1992-жылы туулган К.А. аттуу аскер кызматкерине күтүүсүздөн аюу кол салып, жыйынтыгында аскер кызматкери оор жаракат алган”, – деп айтылат маалыматта.

30 жаштагы сержанттын келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөнү айтылды. Чек арачыга медициналык биринчи жардам көрсөтүлүп, бирок ал жакшы боло албай көз жумган.

Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги, Аскер прокуратурасынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 2326