Чоң-Алай районунда жаандан улам каналдардан суу ашып, турак үйлөргө кирген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Чоң-Алай районунда 18-июль күнү саат 19:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Чоң-Алай айыл аймагында каналдардан суу ашып, Дароот-Коргон айылындагы 8 турак үйдүн короосун, Кызыл-Эшме айылындагы 5 турак үйдүн короосун суу каптаган жана Беш-Кашар тилкесинде жайгашкан 1 турак үйдүн ичине суу кирген.
«Жерине Чоң-Алай райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана айыл аймактан 2 экскаватор, 1 жүктөгүч тартылган. Тартылган күчтөрдүн аракетинде 1 турак үйдүн ичи толугу менен тазаланган жана каналдарды тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ал эми сел суулары кирген турак үйлөрдүн ээлери короолорун өздөрү тазалап алышкан»,-деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 19-июлда сел өтүүчү каналдарды калыбына келтирүү иш-чаралары улантылууда.