• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чоң-Алай районунан 5 миң 34 жаран эвакуацияланды

17 Аяк оона 2022 15:43 Бишкек Govori.TV

Оштун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5 миң 34 жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 68 адам райондук борбордук мечитке, Кашка-Суу айылынын Тилекмат Эшената мечитине 24, калган 4 миң 942 жаран жакындардыкына жайгаштырылды.

Учурда тамак-аш жергиликтүү бийлик тарабынан берилүүдө.

Чон-Алай району боюнча эвакуациялоо иш-чараларына Жарандык коргонуу кызматтарынан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жалпы 185 кызматкер, 12 техника, ошондой эле жергиликтүү тургундардан 673 жаран, 149 техника тартылган.

ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан Чоң-Алай районуна 80 матрас, 44 жаздык, 500 даана жууркан бөлүнүп берилди.

Количество просмотров: 162