• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Айыл-чарба министрлигинен 500 кызматчы иштен кетет

15 Бирдин айы 2018 17:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.02. 2018. Govori.TV
“Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде учурда 5280 адам иштейт. Биз азыр функционалдык милдеттерин карап жатабыз. Бүтүп калды. Болжол менен 500дөн ашуун кызмат орду кыскарат”. Бул сөздү ЖКдагы Өкмөттүн  жазгы талаа иштерине даярдыгы каралып жатканда Премьер-министр Сапар Исаков айтты.
“Бирок, бул кыскартуу ишке зыянын тийгизбегидей кылабыз. Бир топ нерселер эски бойдон кала бериптир. Ал жердеги ар бир кызматынын аткарган ишинен натыйжа чыга турган абалга алып келебиз. Алардын айрымдарынын ишин жер-жерлердеги өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматчылары да аткарат”,-деп билдирди ал.
Эске сала кетсек, депутаттар ар дайым Айыл-чарба министрлигинин ишин сынга алып, бул органдын ишине ичтери чыкпай келет…
Количество просмотров: 19