Актёр жана алып баруучу Азамат Исмаилов экинчи ирет уулдуу болду. Бул тууралуу ал SUPER. KG порталына билдирген.
«Жубайым Сымбат борбордогу төрөтканалардын биринде 18-январда көз жарды. Ар бир бала төрөлгөндө башкача сезимдер болуп турат экен. Уулубузга ысымды чоң ата, чоң энеси койсун дегенбиз, буюрса кечинде кеңешебиз», — деп билдирген Исмаилов.
Кошумчалай кетсек, Азамат Исмаилов 2014-жылы күз айында Сымбат аттуу кызга баш кошуп, ортодо бир уулу бар.