• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Актер Мамаевдин иши тергөөгө жөнөтүлдү

6 Бештин айы 202211:34 Бишкек Govori.TV

Актер Чыңгыз Мамаевге каршы козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн 6-декабрда Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим «Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн» деген негизде 22-ноябрда кабыл алынган. Иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда жабык каралып жаткан.

Эске салсак, Мамаев 2022-жылы апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси («Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети») менен иш козголгон.

Количество просмотров: 267