• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Актер Абдыкалык Акматов дүйнөдөн кайтты

25 Жалган куран 202612:34 Бишкек Govori.TV

Театр жана кино актеру Абдыкалык Акматов узак оорудан кийин 71 жашында дүйнөдөн кайтты.

Маркумга жакында эле «Кыргызстандын Эл артисти» наамы ыйгарылган. Сыйлыкты мамлекет башчынын кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев 20-март күнү актердун үйүнө барып, колуна тапшырган.

Жарым кылымдан ашуун театр сахнасы менен экрандан түшпөй келген актер көптөн бери рак илдети менен алышып келген.

Количество просмотров: 155