Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.
Эксперт Азамат Тынаев шаардык кеңештин Президентти сүрөткө, видеого тартууга салган чектөөсү боюнча пикирин билдирди.
«Эртеңки «Өлбөс полк» массалык жүрүшүнө миңдеген киши катышып жаткандан кийин, мындай чектөө киргизилгени ашыкча. Бул чечимди түп тамырынан туура эмес деп эсептейм. Биз үчүн баардык ЖМКлар бирдей болгондуктан, иш-чарада Президент КТРКдан башка телеканалдарды видео, сүрөткө тартуусуна тыюу салганы бир эле каналдын артыкчылыгын көрсөтүү катары кабыл алса болот»,- деди ал.
Эске салсак, Бишкекте өтө турган “Өлбөс полк” акциясына Президент Сооронбай Жээнбеков катышып жаткан кезде сүрөткө, видеого тартууга болбой турганын Бишкек шаардык кеңешинен кабарлашкан.