• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Азамат Жаманкулов Мексиканын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

17 Жалган куран 2022 15:33 Бишкек Govori.TV

КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 16-мартта Мексиканын Кыргызстандагы элчиси Гильермо Алехандро Пуэнте Ордориканы кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгач, Азамат Жаманкулов элчини дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, анын эң биринчи кызматташуу сапары маданият министрлигинен баштагандыгын кубануу менен белгилеп, маданият аркылуу эки өлкө ортосундагы көпүрөнү түзүү мыкты кадам катары кабыл алгандыгын белгиледи.

Элчи Гильермо Алехандро Пуэнте Ордорика эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана кыргыз-мексика маданиятын жандандырууда, маалыматтык контент алмашуу, эки өлкөнүн туристик байланыштарын түзүү үчүн зарыл болгон кадамдарды жасоо керек экенин белгилеп, кызматташуу тууралуу сунуштарын маалымдады.

Ал эми Азамат Жаманкулов мындай демилгени ар тараптан колдоого ала турганын белгилеп, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты жаатында кызматташуу боюнча сунуштарын киргизди.

Өз кезегинде министр Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берип, көчмөн элдин маданиятын жана улуттук оюндарды жайылтууда Кыргызстан тарап алгылыктуу иштерди алып барып жатканын, дүйнө эли бул улуттук долбоорду колдоого алып, аталган иш-чараны дүйнө коомчулугу тааныгандыгын сыймыктануу менен баса белгиледи.

Мындан тышкары, маектешүүлөр спорт жана жаштар чөйрөсүндө кызматташуунун келечеги, эки тараптуу байланыштарды чыңдоодого арналган иш-чараларга арналды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар дипломатиялык миссиянын алгылыктуу жыйынтыгы катары маданий алканы бекемдөө жана тыгыз кызматташуу тууралуу макулдашты.

Количество просмотров: 92