• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Маданият министри Жаманкулов кызматынан бошотулду

3 Тогуздун айы 202217:25 Бишкек Govori.TV

Азамат Жаманкулов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол койгон Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Жаманкулов Азамат Капарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Количество просмотров: 1639