• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жаманкулов Казакстандын Маданият жана спорт министри Даурен Абаев менен жолукту

26 Бугу 2022 16:12 Бишкек Govori.TV

Азамат Жаманкулов Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Даурен Абаев менен жолукту. Бул тууралуу Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Азамат Жаманкулов кыргыз-казак эли ортосундагы маданий алакалар жана мындан ары кызматташуунун жаңы багыттары тууралуу пикир алмашты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жаманкулов 2021-жылы Казакстандын маданият күндөрү Кыргызстанда жогорку деңгээлде өткөнү белгиленип, казак маданий өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

«Мындан сырткары, 2022 — жылы Кыргызстан ушундай эле маданий күндөрдү Казакстанда өткөрүү үчүн камданып жатканан айтып, мыкты маданий программа менен бара турганын кошумчалады. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн алкагында, 2022-жылы Манастын ал эми 2023-жылы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата алардын айкелин Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарына орнотуу боюнча маселелер талкууланды. Ал эми улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер Абай Кунанбаевдин айкели Бишкек шаарына орнотуу маселеси чечилип, 26-май күнү ачыла турганыны Даурен Абаев билдирди»,-деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтыкты дагы жогорку деңгээлге көтөрүү жана тажрыйба алмашуу максатында бир катар пландар талкууланып, аны ишке ашыруу биргеликте боло турганын макулдашты.

Количество просмотров: 70