Бишкек. 25.04. 2018. Govori.TV
Бишкек шаарынын борбордук аянтында түнү менен мамлекеттик тууну Кыргызстандык Азамат Жаналиев көтөрүп турду. Бул туурасында соцтармактын колдонуучулары жазып чыгышты.
Ал Кыргыз Республикасынын желеги илингенче турайын деген пикирин билдирип, кыргыз элибиздин туусу эч качан түшпөсүн деген ураан менен көтөрүп турганын айткан.
Белгилей кетсек, кечээ 24-апрелде болгон катуу шамалдан улам борбордук аянттагы туу учуп кеткен. Буга байланыштуу Азамат Жаналиев үйүнөн алып келген мамлекеттик желек менен Ала-То аянтында түнү менен турган.
https://www.facebook.com/ilyas.baltashev.1/videos/1832232850412767/