• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Азаттыктын» банктагы эсебинин бөгөттөлүшү боюнча DemirBank билдирүү таратты

3 Жетинин айы 2022 16:44 Бишкек Govori.TV

«DemirBank» Азаттыктын эсебинин жабылышы тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу банк өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирүү жазды.

Анда айтылгандай, DemirBank “Азаттыктын” эсептерин мыйзамсыз камакка алган деген дооматтардын баары таптакыр негизсиз.

«Азаттыктын эсеби боюнча операциялар ТИК/ККЛК мыйзамына ылайык токтотулган. Бул боюнча расмий жоопту банк анын жазуу түрүндөгү кайрылуусунун негизинде “Азаттыкка” билдирди.
ТИК/ККЛК мыйзамынын талаптарын аткаруу Кыргызстандын бардык банктары үчүн милдеттүү жана жогоруда аталган мыйзамдын 32-беренесине ылайык, банктар банктык операцияларды токтото туруу үчүн жоопкерчилик тартышпайт, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана негизинде жасалган болсо», — деп айтылат билдирүүдө.

31-октябрда «Азаттык Медиа» мекемесинин «Демирбанктагы» эсебине бөгөт коюлганы кабарланган.

Количество просмотров: 104