• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Азаттыктын» банктагы эсеби бөгөттөлгөнү айтылды

31 Тогуздун айы 2022 17:50 Бишкек Govori.TV

«Азаттык Медиа» мекемесинин «Демирбанктагы» эсебине бөгөт коюлганын 31-октябрда банктан билдиришти. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдирме алышканын айтышты. Бул тууралуу Азаттык сайты жазды.

Маалыматка ылайык, «Демирбанк» азырынча «Азаттык Медиага» расмий билдирме бере элек.

УКМКнын басма сөз кызматы «Азаттыктын» эсебине байланыштуу маалыматты тактоо керек экенин айтып, расмий кат жиберүүнү сурады.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө “маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү” айтылат.

«Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай эркин медианын үнүн басуу Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн — авторитардык ыкма экенин билдирген.

27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медиа” мекемесинин каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кетти.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Human Rights Watch уюму, “Журналисттерди коргоо комитети” баштаган бир катар эл аралык уюмдар “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлгөнүн сындады.

Количество просмотров: 202