• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Азаттыктын» банк эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу соттук отурум жылдырылды

9 Бирдин айы 2023 9:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-февралда Бишкектин Административдик сотунда «Азаттыктын» банк эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу иш каралган соттук процесс болуп, кийинки отурум 16-мартка белгиленди.

Белгилей кетсек, Бишкектин Административдик сотунда “Азаттык Медианын” жергиликтүү банк эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу Финансылык чалгын кызматына каршы арызы териштирилүүдө.

Эске салсак, “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы» банк эсебине бөгөт коюлганы 31-октябрда кабарланган. 15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин, буга УКМКнын каты негиз болгонун расмий билдирген.

Количество просмотров: 86