• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Азербайжандын президенти кийинки жумада Өзбекстанга келет

17 Кулжа 2022 16:34 Бишкек Govori.TV

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 21-22-июнь күндөрү расмий сапар менен Өзбекстанга келет.

Сапардын алдында Өзбекстандын Туризм жана маданий мурастар министрлиги менен Азербайжандын Туризм боюнча мамлекеттик агенттиги өзбек журналисттерин Азербайжандын маданияты, тарыхый объектилери жана каада-салты менен таанышытыруу үчүн атайын саякат уюштурушкан.

Анын жүрүшүндө журналисттер Азербайжандын Туризм агенттигинин башчысы Фаик Гулиев менен жолугуп, ал «21-22-июль күндөрү президент Ильхам Алиев расмий сапары менен Өзбекстанга бара турганын» айткан.

Май айынын ортосунда Ильхам Алиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов баштаган өзбек делегациясын кабыл алган. Анда Исмоилов азери президентине Шавкат Мирзиёевдин Өзбекстанга келип кетүү тууралуу чакыруусун тапшырган.

Количество просмотров: 121